АКШнын Кабулдагы аскердик базасына чукул жерде жанкечти жардырган бомбадан эки ооган күзөтчү апаат болду. Беш жай тургун жарадар болду. Жардыруу кызмат даражасы улук оогандар жашаган, эл аралык уюмдар менен көп улуттуу күчтөрдүн штабы жайгашкан райондо болду. Полициянын билдиришинче, кол салуучулар АКШнын аскер базасына жете бергенде, аларды күзөтчүлөр ок атып каршы алганда, бир жанкечти бомбаны жардырып жиберген.
Бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды.
Бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды.