Жалал-Абад шаарында таза суу чыгарууга жана суу түтүктөрүн жаңылоого Азия өнүктүрүү банкы (АБР) менен Европа реконструкция жана өнүгүү банкы (ЕБРР) көмөктөшөт. Шаар мэри Бакыт Адыловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, АБР 7 миллион доллар, ал эми ЕБРР дагы 7 миллион евро бөлөт. Азиялык банктан келген каражатка “Канаттуулар” шаарчасына суу кампа салынат жана суу түтүктөр орнотулат, ал эми европалык банк берген акчага шаардын борбордун бөлүгүндөгү суу түтүктөр жаңыртылат, ошондой эле шаардыктардын үйлөрүнө суу эсептеген жабдуулар орнотулмакчы. (EBM/YA)