Шайлоодон кийин өлкөдө кырдаалды солкулдатууга кызыкдар күчтөр бардыгын, бирок милиция ар кандай учурга даяр экенин ИИМ орун басары Бактыбек Жусубалиев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда шайлоо күнү жана андан кийин милиция күчөтүлгөн режимде иштейт. Коомдук тартипти 6 228 милиционер жана 10 миңден ашуун ыктыярчылар көзөмөлдөйт. Жусубалиевдин маалыматы боюнча, добуш берүү башталгандан тарта майда маанидеги жети тартип бузуу катталды, ар бир факты боюнча атайын оперативдүү-тергөө тобу жана ички коопсуздук кызматкерлери иштеп жатышат.(ZKo)