Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Бишкек: айрым партиялар добуштарды кайра эсептөөнү талап кылууда


Бүгүн “Ар-намыс”, “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, Элдик демократиялык партия, “Республика” жана “Эгемен Кыргызстан” партиялары Бишкектеги добуш берүүнүн өтүшүн айыптап билдирүү таратты. Анда добуш берүүдө шаар бийлиги олуттуу мыйзам бузууларга жол бергени, административдик ресурс, ыплас ыкмалар колдонулганы айтылат. Ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясы бардык шайлоо участкаларында добуштарды кайра эсептеп, коз боёмочулукка жол бергендер мыйзам чегинде жазаланышы керектиги айтылат. Эгер бул талаптар аткарылбаса шаар мэри баш болгон жетекчилерди кызматтан алуу, кайра шайлоо өткөрүү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жаңы дайындоо сыяктуу маселелер коюлары эскертилген. (EBM)

XS
SM
MD
LG