Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

УКМК “Карусель” тасмасына тиешеси жок


Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Республика” партиясынын талапкери Наргиза Ажибаева тарабынан “айлампа” добуш берүүгө даярдык көрүлүп жатканы тууралуу тартылган тасмага тиешеси болбогонун, муну менен УКМК “Республика” партиясынын бул тасмага байланыштуу тараткан билдирүүсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы айтылат.

Кечээ “Республика” партиясы интернетте тараган чуулуу видео боюнча билдирүү таратып, анда бул видеону аталган партияны жаманатты кылуу үчүн атайын кызмат уюштуруп, тартып алган деп билдирген. "“Республикадан” шаардык кеңешке талапкер Наргиза Ажыбаеванын штабына атайын кызмат эки тыңчысын киргизип, мыйзам бузуунун даяр схемасын атайлап сунуш кылган. Ошол сунуш талкууланып жаткан учур жашыруун видеого тартылып алган. Учурда партия Ажыбаеваны издеп таппай жатат жана анын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик бул видеону тартып алгандарга жүктөлөт", - деп билдирген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG