Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Ошто тропикалык көпөлөктөрдүн көргөзмөсү ачылат


Эртең Оштогу “Сулайман тоо” улуттук музейинде “Тропикалык тирүү көпөлөктөр” көргөзмөсү башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын уюштуруучусу, орусиялык “Бактылуу тропика” уюмунун адиси Денис Бельский билдирди.

Көпөлөктөр көргөзмө учурунда жумурткадан чыгышат жана 2 күндөн 10 күнгө чейин жашашат. Аларды адистер атайын температурада жана жарыкта кармашат. Келгендерге көпөлөктөрдүн өзгөчөлүктөрү, адамдын психолгиясына тийгизген оң таасирлери тууралуу маалыматтар берилет.

10-декабрга чейин созулчу көргөзмөгө 60 түрдүү көпөлөк коюлат. Алар Түндүк жана Латын Америкадан, Филиппинден, Кытай, Индия, Малайзия, Мадагаскар, Австралиядан жеткирилген.

Аталган көргөзмө бүгүн ачылышы керек болчу, бирок Ош шаарында болуп жаткан жарык үнөмдөөгө байланыштуу, тийиштүү жабдыктар иштебегендиктен, эртеңкиге жылдырылды.

Ушул эле көргөзмө ноябрдын орто ченинде Бишкекте да уюштурулган. Билеттин баасы улууларга 200, балдарга жана пенсионерлерге 150 сом. (SE)

XS
SM
MD
LG