Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

АКШ президенти бүгүн Ак үйдө шайлоодогу атаандашы менен жолугат


“Ассошейтед Пресс” агенттигинин кабарына караганда, бул Барак Обама менен Митт Ромнинин 6-ноябрдагы шайлоодон берки алгачкы кездешүүсү болот. Шайлоодо жеңгенден кийинки сөзүндө АКШ президенти Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзгөн республикачылар менен кеңешип турууну убада кылган.

Обама менен Республикалык партиянын таасирлүү өкүлү катары эсептелген Ромнинин кездешүүсүндө “фискалдык кыйроо” аталган проблема талкууланары күтүлүүдө. Сөз бюджетти үнөмдөө боюнча буга чейин жактырылган чаралар менен салык жеңилдиктеринин мөөнөтү бүтүшүн айкалыштыруу жөнүндө жүрүп жатат.

Обама салык жеңилдиктерин орто тап үчүн гана калтырууну көздөөдө. Республикачылар болсо ал жылына 250 миң доллардан көп тапкандар үчүн жайылтылышын каалашат.

Кечээ Вашингтондон сүйлөгөн учурунда Обама Конгрессти тийиштүү мыйзамды жаңы жылга чейин кабыл алууга үндөдү:

- Азыр эле биз сүйлөп жаткан кезде Конгресс алгачкы 250 миң долларга салыктын өсүшүнө жол бербеген мыйзамды кабыл алып койо алат. Бул америкалыктардын 98%, чакан ишкерлик субьектилеринин 97% үчүн киреше салыгы бир тыйынга да көбөйбөйт дегенди билдирет.

АКШ президенти бул маселе боюнча Конгрессте Рождество майрамына чейин мунаса табыларын кошумчалады. (UE)

 

XS
SM
MD
LG