Тышкы саясат боюнча жогорку өкүл Кэтрин Эштондун бүгүн тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдөн кийин айтканына караганда, ал тажик бийликтерин саясий реформаларды улантууга, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоого чакырды.
Эштон кошумчалагандай, ал жыйындарда Тажикстандын адам укугун коргоочу уюмдарынын ролунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Ал ошондой эле Тажикстандын оппозициячыл партияларынын, бейөкмөт уюмдарынын жетекчилиги менен да кездешти.
Кечээ Дүйшөмбүдө Кэтрин Эштон менен тажик өкмөтүнүн вице-премьери Матлубхон Давлатов Тажикстандын айыл чарба секторун колдоо боюнча келишимге кол койгон.
Евробиримдик тажик фермерлерин колдоого 16 миллион евро бөлөрү күтүлүүдө.
Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Тажикстанга чейин Кыргызстан менен Өзбекстанга токтогон. Эртең Казакстанга барат. (UE)