Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Кыргызстанда ВИЧ илдеттүү кишилердин саны 12 миңден ашты


Бул бейрасмий маалымат, ал эми СПИД борборунун расмий маалыматы боюнча 1-ноябрга карата 4 532 киши катталды деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Калиев. Анын айтымында, коркунучтуу илдеттин кесепетинен Кыргызстанда 665 киши жарык дүйнө менен кош айтышты. ВИЧ оорулуу адамдардын орто жашы 20 жаштан 40 жашка чейинкилер. Бул илдетке кабылган балдардын саны 456, алардын үчтөн биринин оорусу быйылкы жылы аныкталган. Министрдин орун басары Кыргызстанда ВИЧ илдетинин өсүп жатышына Ооганстандан өтүп жаткан баңзат трафигинин таасири чоң болууда деп эсептейт.

Айрым серепчилер тышкы миграциянын күчөп жатышы Кыргызстанда СПИД оорусунун жайылуусуна себеп болуп жатканын айтып келишет. (ZKo)

 

XS
SM
MD
LG