Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Египет: Мурсини колдогондор да көчөгө чыкты


Президент Мурсиге каршы Каирде өтүп жаткан демонстрация
Президент Мурсиге каршы Каирде өтүп жаткан демонстрация

Египетте жаатташкан тараптардын массалык демонстрациялары өтүп жатат. Каирдеги Тахрир аянтына президентти колдогон “Мусулман агайындар” кыймылынын тарапкерлери чыгышты.

Өлкөдөгү чыңалуу президент Мухаммад Мурсинин исламчыл союздаштары жаңы Конституциянын долбоорун жактырышкандан кийин күчөгөн. Кечээ мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү исламчылардан турган Конституциялык комитет Баш мыйзамды добушка коюп жатканда өлкөнүн көптөгөн шаарларында миңдеген эл нааразылык жыйындарына чыкты.

Либералдар менен христиандардын бойкотуна карабай, кечээ Конституциялык комиссия документти жактырган. Жаңы даярдалып жаткан Конституцияны сындагандар бул документте айрым фундаменталдык укуктар бузулганын айтышат. Маселен, анда ислам "Египеттин мамлекеттик дини" экени, ошондуктан жумурияттын мыйзамдары "шариатка негизделиши керектиги" айтылат. Президент Мурси болсо документти жактырып, жакынкы күндөрү элдик референдумга койору күтүлүүдө.

Президентке каршы болгондордун акциясы Тахрир аянтында түнү менен уланып, азыр да токтотула электиги айтылууда.

Бүгүн Каирдеги демонстрациянын алдында президентке каршы болгондордун бири Ахмед Рамадан “Рейтер” агенттигине сүйлөп жатып: "Президент кызматтан кеткиче биз демонстрацияны уланта беребиз, - деди. - Анткени ал мыйзам жаза турган адам эмес. Эл аны Конституцияны өзүнө ылайыктап жазып алсын деп шайлаган эмес, биз ага өлкөнү реформалайт го деп добуш бергенбиз".

Бүгүн Каир университетинин жанына чогулган "Мусулман агайындар" кыймылынын колдоочуларынын бири Рефат Абдел Расул: "Булар Мухамад Мурси беш ай мурун президент болуп келгенден бери эле аны менен күрөшүп жатышат. Президентке иштегенге такыр мүмкүнчүлүк бербей жатышпайбы, - дейт. - Ал оппозицияга кайрылып: “Келгиле, Египетти сактап калыш үчүн биригели, проблемаларды чечүүнү биргеликте талкуулайлы”, - деп да чакырды. Алар болсо: “Мусулмандар басып кетти. "Мусулман агайындар" мамлекетти басып алды”, - дешет. Каерде көрүнүп турат басып алганы?".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG