Бишкек шаарындагы мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу, пара алуу боюнча ата-энелердин арыздарын учурда тартип коргоо органдары иликтөөгө киришти. Башы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери мектептердеги мыйзамсыз акча чогулутуу, кызматынын кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу жана акча өндүрүү фактылары боюнча 19 кылмыш иш козголгон. Учурда жети иш толук тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Мектеп жетекчилигине каршы козголгон 5 кылмыш иш боюнча тергөө аяктай элек. Дагы ушундай эле 7 фактыны Экономикалык кылмыштар боюнча мамлекеттик кызмат иликтеп жатат. (EBM)