Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

АКШ сенаты Магнитский мыйзамын жактырды


Бейшембиде АКШ сенаты Орусия жана Молдова менен соода байланышына “Кансыз согуш” доорунда киргизилген чектөөлөрдү алып салуучу, ошол эле учурда адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар орус чиновниктерине санкция берүүчү мыйзамды жактырды. Мыйзам долбоорун 94 сенатор колдоп, төртөө каршы болду. Буга чейин Өкүлдөр палатасынын да колдоосуна ээ болгон бул мыйзам президент Барак Обаманын кол коюсуна жөнөтүлөт.

Магнитский мыйзамы күчүнө кирсе, АКШ компаниялары Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушунан көбүрөөк пайда табууга мүмкүнчүлүк алышат. Бирок адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар орус бийлик өкүлдөрүнүн эсептери жабылып, аларга виза берилбей калмакчы. Орусия бул мыйзам кабыл алынса, катаал чаралар менен жооп кайтараарын билдирген.

Адвокат Сергей Магнитский 11 ай убактылуу кармоо абагында жаткандан кийин 2009-жылы көз жумган. Ал орусиялык расмий жетекчилерди коррупция үчүн айыптагандан кийин камалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG