Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:12

Кумтөр кени боюнча келишимди кайра кароо сунушталууда


Кумтөр алтын кениндеги абалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрү “Центерра Голд” менен келишимди кайра кароону сунуштап жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, азырынча бул сунуш комиссия мүчөлөрүнүн добушуна коюла элек.

Ушул жума күнү мамлекеттик комиссия иликтөөсүнүн негизги корутундуларын коомчулукка жарыялаган. Ага ылайык, Кумтөр кенинде экологияга терс таасир берүүчү жагдайлар бар экени, убагында кыргыз бийликтери келишим түзүүдө алешемдиктерге жол бергени аныкталган. "Кумтөр Оперейтинг Компани" болсо кенде экология жайында деп билдирип келет.

Мамлекеттик комиссия толук корутундусун келе жаткан аптада чыгарууну көздөөдө. Бул корутунду өкмөттүн кароосунан өтүп, андан соң парламентке жөнөтүлмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG