Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Түштүк Африканын экс-президенти Нелсон Мандела ооруканага жаткырылды


Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума кооптонууга “негиз жоктугун” айтты, 94 жаштагы Мандела медициналык текшерүүгө жаткырылгандыгы кабарланууда.

Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси, Африкадагы аппартеидге каршы талыкпай күрөшкөн Нелсон Мандела 27 жыл түрмөдө отурган жана кургак учук менен ооруган.

1994-жылы Мандела Түштүк Африканын биринчи кара терилүү президенти болуп шайланып, 5 жыл өлкөнү башкарган. Соңку кезде Мандела коомдук иштерден кетип, үй-бүлөсү менен бакубат карылыкты өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG