Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Сузак: малдын күр кырылышы боюнча жабырлануучулар көрсөтмө берип жатат


Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратуранын кызматкери Абдыманап Темиркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул иш боюнча 54 адам жабырлануучу деп табылган. Биринчи сот процессинде анын 35и көрсөтмө берди.

Малдын күр кырылышы боюнча 11 адамга, анын ичинде беш мамлекеттик кызматкерге айып тагылган. Кырсыктын айынан малчылар 12 миллион сомго жакын чыгаша тарткан. Тергөөнүн жүрүшүндө чыгымдын теңи кайтарылды. Эмки сот процесси 18-декабарда болот.

Ушул жылдын сентябрь айында Сузак районунда чечек оорусуна каршы дары менен эмделген койлор кырыла баштаган. Буга Өзбекстандын жаранынан алынган вакцина себеп болгон. Ийне сайган жергиликтүү мал догдур ал адамдан 4 миңдей доза сатып алган. Вакцина негизинен 2900дөй койго сайылган, анын 2113ү кырылып калган. (EBM)

XS
SM
MD
LG