Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

"Мураскер илдети" Уго Чавеске да жетти


Президент Уго Чавес кыздары Мария жана Роза менен.
Президент Уго Чавес кыздары Мария жана Роза менен.

Венесуэланын президенти Уго Чавес кайрадан доктурга жаткырылып, ага ракка каршы кайрадан операция жасалат.

Буга чейин Чавес үч жолу рактан дарыланган. Уго Чавес 8-декабрь, ишемби күнкү телекайрылуусунда денесинин мурда дарыланган бөлүгүндө коркунучтуу белгисиз шишик пайда болгонун айтты:

- Өкүнүчкө карай, ар тараптуу медициналык текшерүү мурдатан дарт бар жерде оору клеткалар пайда болгонун көрсөттү. Бул диагнозду, дарылоо ыкмасын, эксперттер берген кеңештерди кайра карап, баарынан да мени жаңы операцияга жаткырганга өтө маанилүү нерсени аныктаганга мажбур кылды.

Акыркы бир жарым жылдын ичинде Чавестин жамбаш бөлүгүндө ракка каршы үч ирет операция жасалып, июлда “кулундай соо” экенин өзү жарыя кылган.

Полковник Уго Чавес адеп бийликке 1999-жылы келген жана Латын Америкасында эң узак бийликте отурган президент. 58 жаштагы Чавес өзүн Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастронун шакирти деп билет. Анын өкмөтү соңку жылдары Иран, Беларус жана Орусия менен тыкыс алака түзгөнгө аракет кылып жүрөт.

Уго Чавестин жактоочулары Каракастын Болтвар аянтында анын тез айыгып кетүүсүн каалап, тилектештик билдиришүүдө. 9-декабрь 2012
Уго Чавестин жактоочулары Каракастын Болтвар аянтында анын тез айыгып кетүүсүн каалап, тилектештик билдиришүүдө. 9-декабрь 2012
Уго Чавес телекайрылуусунда ошондой эле кокус саламаттыгынан улам иштен чыгып калса, “мураскери” вице-президент Николас Мадурону президент кылып шайлап алууну өз букараларынан өтүндү:

- Непада бир балакет болуп, кызматымды аткара албай калсам, Конституцияга ылайык Николас Мадуро президенттин милдетин аткарууга тийиш. Кокус мындай болсо, Конституция жаңы президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылат. Ошондо сиздер Венесуэла Боливия Республикасынын президенти кылып, Николас Мадурону шайлайсыздар деп ишенем. Бул асманда толуп турган айдай айкын, даана, талашкыс нерсе. Мен муну сиздерден чын жүрөктөн суранам.

Николас Мадуро 2006-жылдан тарта Венесуэланын Тышкы иштер министрлигинин жетектеген. 50 жаштагы Мадурону президент Уго Чавес быйыл октябрда вице-президент кылып бекиткен.

Венесуэланын Конституциясы боюнча президент жалпы элдик шайлоодо шайланууга тийиш. Ошондуктан Уго Чавестин непада аны менен бир кокустук болуп кетсе, өз тарапкерлерин Николас Мадурону президент шайлап алганга үндөөсү Владимир Путиндин 2008-жылы Дмитрий Медведевди мансабына жамынып, президент шайлатканын эске салат.

Уго Чавестин жактоочулары Венесуэланын ар кайсы шаарларында борбордук аянттарга чыгышып, анын саламаттыгы жөнүндөгү кабарга абдан кейишкенин билгизип, тез сакайып кетүүсүнө тилектештигин көрсөтүштү. Өлкө байтакты Каракастын борбордук майданында Глэдис Миллан айым Уго Чавес тез айыгып кетсин деп жалбарып жатты:

- Менин президентим, сиз менен алга жүрөбүз. Мен сизди сүйөм. Сиз бизге керексиз. Бизге эле эмес, башка көптөгөн өлкөлөргө да керексиз. Бу жерде тургандардын баарына сиз керексиз.

Өз ысмын атабаган башка бир каракстык болсо мындай дейт:

- Кудайым аны менен. Аны саламат жана аман сактайт. Президент мырза, ооруу дарыланат. Бир гана нерсе - оппозициянын бузуку мүдөөсү оңолбойт. Бул кыйраткыч империя.

Социалист Уго Чавес октябрда 54 процент добуш менен дагы алты жылга президент шайланган. Атаандашы Энрике Каприелести шайлоочулардын 45 проценти колдогон. Сөзгө чечен, серепчилер белгилегендей, харизмасы күчтүү Чавес элдин жарды катмары арасында аябай популярдуу экенин, ал акыркы жылдары саламаттыкты сактоо жана эл агартуу тармактарын каржылоону кескин көбөйткөнүн айтсак, 54 процент көп деле чоң көрсөткүч эмес.

Уго Чавестин ден соолугундагы бүдөмүк жагдай 16-декабрда болчу жергиликтүү шайлоого камданып жаткан оппозиция үчүн ыңгайлуу дешет кээ бир серепчилер. Себеби, талдоочулардын айтышынча, оппозиция Николас Мадуронун административдик тажрыбайсынын жетишсиздигинен пайдаланып, бир катар маанилүү штаттарда жеңип чыгышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG