Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Астананы Нурсултан деп атоо сунуш кылынды


Казакстанда “Желтоксан жаңырыгы” деген коомдук уюм өлкө борбору Астананы президент Нурсултан Назарбаевдин атына өзгөртүүнү сунуш кылды. Мындай сунуш Маданият министрлигине жөнөтүлгөнүн аталган уюшманын төрагасы Төлөгөн Алжан бүгүн Алматы шаарындагы маалымат жыйынында жарыя кылды. Анын айтышынча, баш калаа Нурсултан деп аталабы, же Назарбаев деппи, аны эл өзү чечиш керек. Астана казак тилинде “борбор”, “ордо калаа” дегенди билдирет.

Шаардын мурдагы тарыхый аты - Акмоло 1998-жылы өлкө борбору Алматыдан көчүрүлгөндөн бир жылдан кийин Астана деп өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG