Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Меркел: Кыргызстандагы адам укуктары көз жаздымда калбайт


Канцлер Меркел жана президент Атамбаев, Берлин, 11.12.2012
Канцлер Меркел жана президент Атамбаев, Берлин, 11.12.2012

Президент Атамбаев Германиянын президенти Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркел менен жолукту. Экономикалык, гуманитардык кызматташтык талкууланып, адам укуктарынын абалы тууралуу сөз болду.

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушту. Андан соң лидерлер журналисттер үчүн кыска маалымат жыйын өткөрүштү. Меркел кыргыз президентинин сапары ийгиликтүү болгонун белгилеп, Кыргызстан алыс жайгашканына карабай Германия ар тараптуу жардам берип келатканын, мындан ары да тыгыз кызматташуу улана берерин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы катары Европага алгачкы сапары Германияга болгонун белгилеп, өлкө жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Меркел айымды кийинки жылы Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалды өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

Маалымат жыйыны учурунда президент Алмазбек Атамбаев “Манас” аэропортунда жайгашкан антитеррордук күчтөрдүн Транзиттик борбору мурда айтылгандай эле 2014-жылы чыгарыларын белгилеп кетти. “Биз сүйлөшүүлөрдө 2014-жылдын апрель айынан тартып, “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында аскердик курам болбойт, анткени ал жерде шаар жана жарандык аэропорт бардыгын айтканбыз”, деди президент.

Президент Йоахим Гаук жана президент Атамбаев жубайлары менен, Берлин, 11.12.2012
Президент Йоахим Гаук жана президент Атамбаев жубайлары менен, Берлин, 11.12.2012
Германиянын канцлери Ангела Меркел президент Атамбаев менен жолукканда адам укуктары тууралуу маселе дагы козголгонун, 2010-жылы Ошто болгон жаңжалдан кийин эл аралык коомчулук Кыргызстанда этностук азчылыктардын укуктарынын сакталышына көз салып турат деп бекемдеди.

​Президент Атамбаев Берлиндеги маалымат жыйынында немис журналисттин суроосуна жооп берип жатып, эгер абактагы Азимжан Аскаровдун иши кайра каралышына негиз болсо, ага өзү да кызыкдар экенин, бирок бул маселени президент эмес, сот чечүүгө тийиштигин, бул демократиялык өлкөлөрдүн баарына мүнөздүү нерсе экендигин айтты.

Кечээ адам укугун коргогон "Хьюман Райтс Уотч" уюму Ангела Меркелди кыргыз президенти менен жолукканда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына олуттуу тынчсыздануусун билдирүүгө чакырган эле.

Сапардын алкагында эки өлкө ортосунда билим берүү, маданият, саламаттык сактоо тармактарында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлат.

Расмий сапардын башталышында немис президенти Йоахим Гаук Алмазбек Атамбаевди жубайы менен өзүнүн Берлиндеги резиденциясында урмат-сый көрсөтүп тосуп алды. Андан кийин эки президент Кыргызстан-Германия ортосундагы кызматташууну тереңдетүү боюнча сүйлөштү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Германияга эки күндүк иш сапарга 10-декабрда кечке жуук барган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG