Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Бакубат өлкөлөр Пхеняндын баллистикалык ракета сынаганына нааразы


Эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын космостук ракетаны сыноосун сындады. Кошмо Штатар түндүк кореялык ракета Жердин орбитасына чыгарылганын тастыктады. Расмий Пхеняндын кабарлашынча, спутник метереологиялык максатта пайдаланылат. Алыс аралыкка учуучу жана ядролук ок менен дүрмөттөөгө мүмкүн ракетаны учурууну БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун “БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын ачыктан ачык бузуу” деп атады. Тыюу салынган ракета технологиясын сыноону Түштүк Корея, Жапония, АКШ да сындады. Пхеняндын кадамына Орусия менен Кытай өкүнүчүн билдирди.

Жапониянын нааразылыгына байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши шашылыш масилээт өткөргөнү жатат. Спутникти орбитага алып чыккан ракетанын бөлүктөрү Жапониянын аймагына түшкөн.

XS
SM
MD
LG