Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

МАИ башкармалыгынын мурунку жетекчилерине кылмыш иши козголду


ИИМ тараткан маалымат боюнча МАИ башкармалыгынын мурунку жетекчилери айрым жеке ишканалар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз даярдашкан деп айыпталууда. Ага ылайык, 1998-жылы ИИМ алдындагы мамлекеттик авто инспекция башкармалыгынын жетекчилиги айдоочулук күбөлүк даярдоо боюнча келишим түзгөндө айдоочулук күбөлүк $10,74, эл аралык маанидеги күбөлүк $46,3, ал эми автоунааны каттоодон өткөрүүчү кагаздын баасы $13,71 деп бааланып, алардын үлгүлөрү Каржы министрлигинин монополияга каршы саясат кызматы жана МАИ башкармалыгы тарабынан бекитилген.

Бирок текшерүү учурунда айдоочунун күбөлүгүнүн баасы $3,6; автоунааны каттоодон өткөрүү кагазынын баасы $3,38 болгону аныкталган. Демек МАИ башкармалыгы, өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана “Алабел корпорейшн” жеке ишканасы тарабынан 1998-жылдан 2011-жылга чейин жарандарга чоң суммадагы материалдык зыян келтирилген деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары аталган жеке ишкананын кызматкерлери техталондорду жана айдоочулук күбөлүктүн ордуна берилүүчү убактылуу талондорду мыйзамсыз чыгарган, 900 миң долларды негизсиз жокко чыгарышкан деп шектелүүдө.

Бул фактылар боюнча “алдамчылык”, “кызмат абалынан пайдалануу”, “келишимдерди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүү” жана “коммерциялык ишкана кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду. ИИМ маалымат кызматы учурда бул иштер боюнча иликтөө жүрүп жатканын маалымдап, бирок шектүү делип жаткандардын аты-жөнүн ачык айтыла элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG