Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Ооганстан: Жанкечтинин жардыруусунан эки киши өлдү


НАТОнун жарандык-аскер аба базасына жакын болгон жардыруудан кеминде он бир киши жараат алды. Расмий маалыматтар боюнча жардыруу бейшемби кечинде Кандагар шаарындагы НАТОнун аскер аба базасына АКШ коргоо министри Леон Панетта келип кеткенден бир сааттан кийин болгон. НАТО Коопсуздук күчтөрү кол салууну тастыктады, бирок так маалымат айтылган жок.

Ооганстандын түштүгүндө кырдаал Эл аралык күчтөр коопсуздук чараларын колго алгандан кийин бир аз жакшырган, бирок талиптер аймакта ар кандай кол салууларды уюштуруп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG