Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Орусиянын бириккен аскер базасынын ижара акысы - жылына $4,5 млн.


Парламент кечээ Орусиянын бириккен аскер базасынын макамы жана Кыргызстанда туруу шарттары тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн келишимди үчүнчү окуудан жактырды. Келишимге ылайык, Орусия Кыргызстандын бир нече стратегиялык түйүндөрүн пайдаланганы үчүн жылына 4,5 млн. доллар төлөйт. Бириккен аскер базанын курамына: Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Эки тараптуу келишим жаңы жылдын 29-январынан тартып иштей баштайт, иштөө мөөнөтү - он беш жыл, аны беш жылга узартуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш кечээ Канттагы аскердик аба базасы тууралуу келишимди да ратификациялады. Келишим боюнча аталган база ЖККУга тиешелүү деп табылып, Орусия база үчүн ижара акы төлөбөй турган болду. Мындан тышкары Кант аскер аба базасы салыктан жана коммуналдык кызмат акыларын төлөөдөн да бошотулду. Кант аскер аба базасы тууралуу макулдашуу азыр иштеп жаткан келишим аягына чыкканда, 2017-жылдын январынан тартып күчүнө кирет.

Бириккен аскер-аба базасы боюнча эки тараптуу макулдашууга жана ага кошумча протоколго быйыл 19-сентябрда Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков кол коюшкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG