Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Роза Отунбаевага эл аралык сыйлык тапшырылды


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 13-декабрда Вашингтондо Евразия фондунун сыйлыгын алды. Евразия фондунун расмий сайтында "Роза Отунбаева "Bill Maynes 2012" деген сыйлыкты өз эли үчүн тарыхый маанилүү учурда Кыргызстандын жоопкерчилигин алып, конституция аркылуу башкарууда лидерликти көрсөткөнү үчүн сыйланат" деп жазылган.

АКШга иш сапары менен барган Роза Отунбаева бул күндөрү ЮНИСЕФтин жетекчиси Энтони Лейк, Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пани Ги Мун, белгилүү ишмер Билл Гейтс жана башка көрүнүктүү адамдар менен жолугуп жүрөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG