Ооганстандын Нангархар провинциясында бомба жарылуусунан отун терип жүргөн 10 кыз өлдү. Франсс пресс жана Ассошэйтед пресс агенттиктеринин Чапархар районунун акими Мухаммед Сыдыкка шилтеп билдиришинче, набыт болгон кыздар 9 жаштан 13 жашка чейинки курактагылар. Кыздар кантип бомбага кабылганы тергелүүдө.