АКШда чыкчу "Time" журналы президент Барак Обаманы “2012-жылдын инсаны” деп атады. Бул титулду алууда Обамага талиптер оор жарадар кылган 15 жашар пакистандык укук коргоочу кыз Малала Юсуфзай, Египеттин исламчыл президенти Мохаммед Мурси атаандаш болду. Финалдык тизмеде жубайлар Билл жана Хиллари Клинтондор, “Yahoo” компаниясынын башчысы Марисса Майер, Apple компаниясынын жетекчиси Тим Кук да бар эле.
“Тайм” Барак Обамага жылдын инсаны титулун “жаңы көпчүлүктү таап, бириктире алганы, алсыздыгын жеңишке айлантканы, катаал капсалаң учурда элди мурдагыдан да бекем бириктире алганы” үчүн ыйгарды. “Таймдын” түшүндүрүшүнчө, дүйнөдө жыл ичинде эң таасирлү болгон адам - "Жылдын инсаны" деп аталат. "Таймс" Барак Обаманы адеп президент шайланган 2008-жылы да "дүйнөнүн таасирлүү адамы" деп атаган.