Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Орус президенти Мамлекеттик думанын АКШга жообун колдоду


Мамлекеттик думанын АКШ жарандары орусиялык балдарды багып алуусуна тыюу салууну караган мыйзамын Владимир Путин бүгүн президенттигинин үчүнчү мөөнөтүндөгү алгачкы пресс-конференция учурунда колдоду. Путин белгилегендей, дума АКШга “эмоционалдуу, бирок адекваттуу жооп берди”.

Мамлекеттик думада кечээ экинчи окуудан жактырылган мыйзам АКШнын адам укуктарын бузган орусиялыктарга санкция киргизген “Магнитски акт” деп аталган мыйзамына жооп чара катары даярдалган.

Орус президентинин пикиринде, АКШнын мыйзамы Вашингтон менен Москванын мамилесин ууландырууда.

АКШнын мыйзамы өткөн аптада күчүнө кирген. Ал “Магнитский акты” деп, 2009-жылы түрмөдө каза тапкан, коррупцияга каршы күрөшкөн орусиялык адвокат Сергей Магнитскинин ысмы менен аталган. (UE)

XS
SM
MD
LG