Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Камактагы депутаттардын иши сотко өтөт


Тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиевге, Талант Мамытовго жана Садыр Жапаровго байланышкан кылмыш иши тергелип бүтүп калды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 24-декабрда алардын иши сотко өткөрүлүп берилет.

Ал арада акыйкатчы Турсунбек Акун кылмышка шектелип жаткан депутаттар менен 6-декабрда жолугуп чыккандан кийин аларды ооруканага жаткырыш керектигин айткан. Буга байланыштуу Башкы прокуратурадан Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов ден соолугуна байланыштуу текшерүүдөн өткөнүн, кайрадан текшерилип, зарыл болсо, УКМКнын медициналык жайына жаткырыларын кошумчалашты.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары 3-октябрда Ак үйдүн алдындагы митингден кийин "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган" деген шек менен камакка алынган. (AKu)

XS
SM
MD
LG