Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Индияда тележурналист полициянын огунан набыт болду


Журналист 23 жаштагы студент кыздын зордукталышына нааразылыгын билдирип чыккан элге карата полиция чыгарган октон набыт кеткен. Полиция башчылары мамлекеттик Doordarshan телеканалынын журналисти Бвизамани Сингх тополоң учурунда кокусунан окко учканын маалымдоодо.

Жекшембиде Манипур штатындагы Импхала шаарында болгон нааразылык акциясынын катышуучулары студент кызды зордуктап, качып кеткен сепаратисттик лидерди кармап, жоопко тартууну талап кылышкан.

Ага чейин Индиянын борбору Делиде зордукталган студент кыздын укугун коргоону талап кылган демонстранттарды полиция жаш агызуучу газ жана желим союлдар менен кууп таркатты.

16-декабрда студентти 6 мас киши автобуста зордуктап, кийин сүйлөшкөн жигити менен кошо жүрүп бараткан унаадан ыргытып жиберишкен. Кыз оор абалда Делидеги ооруканада жатат, 6 шектүү кылмышкер камакка алынды. Демонстранттар айыпталуучуларга өлүм жазасын талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG