Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Македония: оппозицияны парламенттен сүрүп чыгарышты


Македонияда бюджет долбоорун кабыл алуудан мурда оппозицияны парламенттен сүрүп чыгарышты.

“Азаттык” радиосунун Скопьедеги кабарчылары маалымдашкандай, парламентте өкмөт сунуш кылган бюджет долбооруна добуш берилерден мурда оппозициячыл депутаттарды ИИМдин жарандык кийимчен кызматкерлери түртүп чыгарышты.

Оппозициячыл депутаттарга чейин парламенттин коопсуздук кызматы залдан журналисттерди кетирген. Анын алдында парламент имаратынын сыртында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн болчу. Анткени ал жерде өкмөттүн да, оппозициянын жактоочулары да чогулуп, бири-бирине таш, жумуртка, бөтөлкө ыргытышкан.

Бийликтеги партиянын жактоочулары оппозиция өкмөттүн аракетине бут тосконуна нааразы. Алардын пикиринде, өкмөттүн пенсия, жөлөк пул, дыйкандарга субсидия берүү пландары үзгүлтүккө учуроодо.

Оппозиция болсо келерки жылы бюджет чыгымдарын 200 миллион еврого кыскартууга чакырышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG