Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Жаза аткаруу кызматы менен орус чиркөөсү кызматташат


Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы Бишкектеги орус чиркөөсү менен кызматташат. Бул тууралуу келишимге бүгүн кол коюлду. Максат - түрмө кылмыштуулугун алдын алуу, абактагылардын туура жолго түшүүсүнө көмөктөшүү экенин Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Епископ Феодосийдин айтымында, алардын маалыматы боюнча Кыргызстанда абакта жаткандардын дээрлик 30 пайызын православдар түзөт. Диний епархияда түрмөлөрдү тейлөө бөлүмү ачылды. Кесилген жарандарга тамак-аш, дары-дармек жагынан жардам көрсөтүлүп, Кудай жолуна үндөгөн китептер таратылат.

Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев айрыкча аялдарга жана өспүрүмдөргө көңүл буруу керек деген каалоосун айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG