Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Федерациялык кеңеш бала асыроого каршы мыйзамды колдоду


Орусия парламентинин жогорку палатасы орусиялык балдарды америкалык жарандар асырашына тыюу салган мыйзам долбоорун толугу менен колдоп берди. Мыйзам күчүнө кирүүсү үчүн ага президент Путин кол коюусу керек.

Америкалык жарандарга орусиялык балдарды асырап алууга тыюу салуу –АКШда кабыл алынган “Магнитский актысына” каршы жасалды. “Магнитский актысы” адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар орусиялык чиновниктердин Америкага кирүүсүнө тыюу салат жана алардын АКШдагы банк эсептерин токтотот.

Кечээ бул мыйзамды Федерациялык кеңеш карап жаткан учурда ага каршы пикетке чыккан бир нече жаранды полиция кармап кетти. АКШнын Мамлекеттик департаменти “балдардын тагдыры саясий оюндарга байланып калганы өкүнүрөт” деп айтты. БУУнун ЮНИСЕФ фонду да Москвага кайрылып, “балдардын кызыкчылыгын ойлоону” өтүндү.

XS
SM
MD
LG