Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Ош ТВ жыл мыктыларына сыйлыгын тапшырды


Ош ТВ ар кайсы номинациялар боюнча 22 адамга сыйлыгын тапшырды. Алардын катарында “Азаттык-медиа” мекемесинин жетекчиси Султан Жумагулов аталган телеканалдын сурамжылоолорунун жыйынтыгында 2012-жылдагы “Жылдын адамы” деп таанылды. Уюштуруучулардын жүйөөсү боюнча, “Азаттык” радиосунун окуяларды жана кабарларды так, бейтараптуу, бардык тараптын позициясына бирдей орун берүү менен чагылдырып жатканы, коррупциялык, башка кыңыр иштерди жалаң фактылардын негизинде ачып бергендиги жана Ош менен Жалал-Абаддагы этнос аралык окуяларды, андан кийинки жарашуу процесстерине кеңири орун берип жаткандыгы үчүн радио жетекчиси ушул наамга татыган.

Дипломдорду тапшыруу аземи Оштогу Кыргыз драма театрында өтүп, Кыргызстандын ар тарабынан чакырылган коноктор жана ырчы өнөрпоздор катышты.

“Азаттыктын” жамааты өз кезегинде бул сыйлыгы үчүн Ош ТВдагы кесиптештерине ыраазылыгын билдирип, радио өз принциптеринен тайыбай иштей берээрин белгилейт. Ошондой эле Ош ТВнын жамаатын Жаңы жылы менен куттуктап, чыгармачыл ийгилик жана жакшылык тилегин жолдойт.

XS
SM
MD
LG