Бүгүн кармалгандардын 30дай жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнө жардам берүүсүн суранып кайрылды. Өкмөттүн аймактагы өкүлү Жеңиш Разаков Өзбекстанда кармалып тургандардын иши сотко өткөнүн, маселе сот аркылуу чечилээрин билдирди.
15-декабрда Өзбекстандагы туугандарына тойго барган Баткен районунун Зарташ айылынын 4 тургуну Кыргызстанга кайтып чыгаарда кошуналардын чек арачылары тарабынан кармалган. Ошол күндөн бери Өзбекстандан чыга албай турушат.(JsA)