Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Уго Чавестин саламаттыгы “туруктуу” экенин айтышууда


Ушул тапта Кубада ооруканада жаткан Венесуэланын президенти Уго Чавестин ден соолугун күйөө баласы “туруктуу” деп баалады. Ал Твиттердеги билдирүүсүндө “түрдүү жаман ушактарга” көңүл бурбоого чакырып, Чавес дүйшөмбүдө кыздары менен сүйлөшүп, жакшы күн өткөргөнүн кабарлады.

Өлкөнүн вице-президенти Николас Мадуро 11-декабрдагы операциядан кийин президенттин абалды начарлап кеткенин билдирген эле. Акыркы эки жылдан бери рак оорусу менен күрөшүп жаткан Уго Чавеске төрт ирет операция жасалды.

XS
SM
MD
LG