Кабарларга караганда Перс булуңундагы Катар өкмөтүнө тиешелүү болгон "Ал-Жазира" медиа компаниясы АКШдагы Карент ТВ каналын 500 миллион долларга сатып алууга макул болду. Экс-вице-президент Ал Гор негиздеген бул канал кандай шартта сатылганы расмий жарыяланган жок. Карент каналын бүгүн АКШда 40 миллион үйдө көрүшөт, ал эми "Ал-Жазиранын" үлүшү болгону 5 миллионду түзөт. АКШдагы маалымат булактарынын жазышынча, "Ал-Жазираны" анти-америкалык деп санагандардан улам, Карент каналынын көрөрмандарын көбөйтүү аракетинен көп майнап чыкпашы мүмкүн. 1996-жылы түзүлгөн "Ал-Жазира" андан бери ББС, СНН өңдөңгөн батышчыл деп саналган маалымат каражаттары менен тең тайлашкан маалымат булагына айланды.