Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Асаддын тынчтык демилгеси оппозицияга жаккан жок


Президент Башар Асад жекшемби күнү Сирия элине жасаган телекайрылуусунда улуттук элдешүү боюнча конференция өткөрүүнү жана жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыгууну сунуш этти. Асад ошондой эле Батыштын кол баласы болбогон күчтөр менен сүйлөшкөнгө даяр экенин, 21 айдан берки чатакты токтотуунун негизги шарты - көтөрүлүшчүлөрдү сырттан каржылоону токтотуу экенин айтты. Ал адаватчыларды “ал-Каиданын террорчулары” деп атады.

Бул Башар Асаддын ноябрдан берки биринчи кайрылуусу болду. Сирия оппозициясы кайрылууну сындап, президент сунуш кылган тынчтык планы кризисти токтотуунун акыркы мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат дешти. Оппозиция өлкөдөгү чатакты басуунун бирден бир жолу - Башар Асаддын президенттиктен кетиши деп санайт.

Британиянын тышкы иштер министри Уилям Хейг президент Асаддын демилесин “эки жүздүүлүк” деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG