Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Пакистан Иранга буудай экспорттойт


Пакистан февралдын башынан тарта Иранга 100 миң тоннадай буудай экспорттойт. Кабарларга ылайык, пакистандык Seatrade Group деген компания баштапкы пландар боюнча мындан 3 эсе көп буудай сатмак. Бирок компаниянын атын атабаган кызматкери маалымдагандай, былтыр августта сүйлөшүлгөн 1 миллион тонна буудайды сатып алуу үчүн Тегеран өкмөтүнүн акчасы тартыш сыяктуу. Иран бартердик келишимде каралгандай, компанияга темир жана жер семирткичтерди бермекчи.

XS
SM
MD
LG