Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Пуштундардын "гаах" салты менен үйлөнүүсүнө тыйуу салынды


Пакистандын Хайбер Пактунква провинциясын байырлаган пуштундардын байыркы кудалашуу каадасын кылмыш деп тыйган мыйзам кабыл алынды. “Гаах” деп аталган салтка ылайык, эркек үйлөнөм деген аялга сунушту элге ачык жарыялап, аялды ага турмушка чыкканга мажбур кылат.

Жаңы мыйзам боюнча, “гаах” салтына салып, үйлөнмөк болгон эркек жети жылга чейин абакка кесилет же 6 миң доллар айып төлөйт. Адам укугун коргоочулар “гаах” аялдардын башка бирөөгө күйөөгө чыгуусуна бөгөт коёт деп, байыркы салтты тыйууга чакырып жатышкан. Бул салт менен үйлөнүү Хайбер Пактункванын түштүк аймагында козголоңчулар өкүмзорлук кыла баштаган акыркы жылдары кайра күчөгөн.

Пакистандын түндүк батышындагы бул провинцияда 30 миллионuj чукул пуштун жашайт.

XS
SM
MD
LG