Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Бишкекте үч депутаттын соту башталды


"Атажуртчу" үч депутат: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында.
"Атажуртчу" үч депутат: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сот залында.
Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талантбек Мамытов баштаган адамдардын соту башталды. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып жатат. Бул депутаттар өткөн жылы 3-октябрда Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин кармалган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болучу.

Сотто жүргөн кабарчыбыздын маалымдашынча, азыр процесске камактагы депутаттардын ар биринин тууган-уруктары, айрым депутаттар жана коомдук-саясий ишмерлер кирди. Журналисттерди киргизүү, же киргизбөө маселеси чечилип жатат. Соттун жанында ондогон адам топтолуп турат жана коопсуздук чаралары күчөтүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG