Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:38

Январдын аягында 20 шаарда мэр шайлоо өтөт


28-декабрдан 2-февралга чейин Кыргызстандын 20 шаарында шаар башчысын жана 251 айыл өкмөт башчыларынын шайлоо өткөрүлөт. Мындай токтом Борбордук шайлоо комиссиясы бейшембиде өткөн жыйынында кабыл алынды. БШКнын маалымат катчысы Токтоболот Жумалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, шайлоолор Чүй облусундагы Кара-Балта, Кайыңды, Шопоков, Орловка, Баткен облусундагы Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Исфана, Айдаркен, Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат, Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата, Талас шаарында, Жалал-Абаддын Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларында өтмөкчү.

Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары өткөн жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңеш депутаттары тарабынан шайланат. Депутаттар бир канча коалиция түзүп, талапкерлерди сунушташат. Көпчүлүк депутаттардын добушун алган талапкер мэр болуп шайланат. Мэрдин иштөө мөөнөтү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү менен бирдей болот.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо былтыр 25-ноябрда өткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG