Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Баткен: Бөжөйгө гуманитардык жардам барды


Сох анклавынын жака-белиндеги жолдор жабылгандан кийин курчоодо калган Бөжөй айылына дары-дармек, тамак-аш жеткирилди жана бир дарыгер барды.

Бөжөй Баткен шаарынан 80 чакырым аралыкта жайгашкан, анда 700гө жакын калк жашайт. Айыл Кыргызстандын башка аймактары менен Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу гана байланышат, уюлдук байланыш тартпайт.

Буга чейин өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков Сохту айланып өткөн 14 чакырымдык Бөжөй-Сөгөт-Бел жолу салына баштарын маалымдаган. (EBM/JsA)

XS
SM
MD
LG