Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Экс-министр Сердюков сурак берди


Орусиянын мурдагы коргоо министри Анатолий Сердюков бүгүн да Москвада Тергөө комитетинде сурак берди. Ал министр кезде имараттар арзан сатылып, анын кесепетинен казына 100 миллион доллар чыгым тарткан. Бул иш боюнча Сердюков күбө катары суралып жатканын Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин билдирди. Орус маалымат булактарынын маалымдашынча, экс-министрди суракка белгилүү адвокат Генрих Падве коштоп келген.

Сердюков декабрда суракка адвокаты жок келип, анысына шылтап, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бербей койгон.

Ноябрда Сердюковдун жакын жардамчысы - министрликтин мүлк департаментин жетектеген аял мамлекеттик мүлктү уурдоого катышы бар деп күнөөлөнгөндөн кийин, президент Владимир Путин аны министрликтен бошоткон.

XS
SM
MD
LG