Кыргыз-өзбек чегиндеги Чарбак жаңжалынан улам кыргыз өкмөтү түзгөн тармактар аралык комиссиянын өкүлдөрү бүгүн Баткенге барды. Тиешелүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрүнөн куралган бул топту кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров баштап жүрөт. Комиссия Чарбак чатагына күнөөлүүлөрдү тактап, абалдан чыгуунун жолдорун аныкташ керек. Бул жумушчу топ бүгүн облус борборунда алгачкы жыйынын өткөрдү. Жумушчу топ чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү үчүн кайсы министрлик тез арада кандай иштерди жүргүзүү керектигин аныктап, өз сунуштарын иштеп чыкмакчы. Эртең алар чыр чыккан Чарбак айылына барат.
Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Баткендин Чарбак айылында 5-7 январь күндөрү чыр чыгып, өзбек тарап 30 чакты кыргыз жаранын барымтага алып койгон. Чатакка Сохтун Хушяр айылынын тургундары Кыргызстан Чарбак чек ара тозотуна электр линиясын тартуусуна каршылык көрсөтүшү себеп болгон. Өзбек тарап бул окуяда беш жаранына ок тийип, жаракат алганын айтууда. Бирок Кыргызстандын чек ара кызматы каршылык көрсөткөн өзбек жарандарына ок атылбаганын, чек арачылар эскертүү иретинде асманга гана ок чыгарышканын билдирген. (JsA/SM)