Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Кар көчкү баскан Красная Горка - Ак-Таш унаа жолу кайра ачылды


Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка - Ак-Таш унаа жолу кайра ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, 12-январда бул жолдун 6-9-чакырымдарынын ортосунда жалпы көлөмү болжол менен 4000-5000 м³ кар көчкү түшүп, кыймыл убактылуу токтотулган. Тиешелүү техника тартылып, тазалоо иштери кечээ аяктап, учурда жол каттамы толугу бойдон ачык. (RK)

XS
SM
MD
LG