Алеппо университетинде шейшемби күнү болгон жардырууларды Сириянын БУУдагы элчиси “коркоктордун террордук аракети” деп сындады.
Алеппо - Сириянын эң чоң шаары. Элчи Башар Жаафаринин билдиришинче, Алеппо университетиндеги жардыруулардан 82 студент набыт болуп, 160тан көп студент жараат алган. Сирия өкмөтү жана көтөрүлүшчүлөр бул апаат үчүн бирин-бири күнөөлөшүүдө.
БУУнун маалымдашынча, Башар Асаддын башкаруусуна каршы 2011-жылдын мартынан бери жүрүп жаткан көтөрүлүш маалында 60 миңдей адамдын каны төгүлгөн.
БУУнун балдарды коргоо жана аскерий жаңжалдар боюнча чабарманы Лейла Зеругинин айтканына караганда, акыркы күндөрү Дамаскиде жана анын атрабында түрдүү чабуулдардан улам 20дан ашык бала өлдү.