Кечээ өкмөт башчынын жана Чек ара кызматынын жетекчиси жоктугуна байланыштуу парламент Сох чатагына байланышкан маселени кароону бүгүнкүгө калтырган. ЖКнын кечээги отурумунда Сох маселеси жабык каралып, айрым депутаттар Сох чатагына өкмөт кеч көңүл бурду деген нааразылыгын билдиришкен. Депутат Каныбек Осмоналиев Чек ара кызматынын баш кеңсесин Ош шаарынан Бишкекке көчүрүү туура эмес чечим болгонун белгилесе, айрымдары аймакка президент, премьер-министр барып, акыбал менен таанышууга тийиш деп айтышты.
5-январда Баткендин Чарбак айлындагы чек ара тозотуна кыргыз тарап электр зымдарын алып өтүүгө аракеттенген учурда коңшулаш Өзбекстандын Хушяр айлынын тургундары каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада жаңжал чыгып, Өзбекстандыктар Чарбактын алты тургунун өздөрү тарапка күчтөп алып кирип кетишкен. 6-январь күнү түрдүү жолдор менен дагы отузга чукул кыргызстандык Хушярлыктар тарабынан барымтага алынган. Кийинки күндөрү алар бошотулган.(ZKo)