Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Алжирде барымтада калган чет элдиктерди бошотуу операциясы аяктады


Өлтүрүлгөндөрдүн тизмеси тактала элек. Алжирдин маалымат министри Мухамед Саид кишилер өлгөнүн тастыктап, бирок санын айткан жок. Өлкөнүн маалымат каражаттары бир нече туткун чабуул учурунда өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты. Аскерлер операция учурунда барымтада кармалып турган 35 жаран менен аларды туткундаган 15 согушкер өлгөнүн айтышууда.

Тирүү калган ирландиялык инженер туткундар камалган төрт "Жип" машинеси өкмөттүк аскерлердин чабуулунан жарылганын көргөнүн айтты. Расмийлер болсо согушкерлер барымтадагыларды алып, чек арадан өтүп кетмек болгондо чабуул жасалганын билдирүүдө.

Вашингтондун өкүлү Жей Карни алжир өкмөтүнөн кырдаал боюнча маалымат күтүлүп жатканын билдирди:

- Биз бул окуя жана ага кириптер болгон америкалыктар тууралуу толук маалымат сурап жатабыз. Бул өтө жаман иш болду. Биз алжир өкмөтүнөн бул маселе боюнча так маалымат күтөбүз.

Британ өкүлү Алжир өкмөтү аскердик операция тууралуу алдын ала маалымат бербегенине таң калганын айтты. Ал эми француз президенти газ заводундагы барымта окуясын Франция аскерлеринин Малидеги аракеттеринин акталышы деп түшүндүрдү.

Алжир аскерлеринин газ заводундагы куткаруу операциясы чөлдөгү газ заводун басып алган исламчыл согушкерлер туткундаган чет элдик жарандарды бошотуу максатында болгон. Шаршембиде согушкерлер заводдун ондогон кызматкерлерин барымтага алышкан, алардын ичинде АКШ, Жапония, Франция жана башка өлкөлөрдүн жарандары болгону айтылган эле. Согушкерлер Франция коңшулаш Малиде аскердик операцияларын токтотуусун талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG