Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Кабылда полициякана согушчандардан бошотулду


Кабылдын жол полициясынын башкеңсесин басып алган козголоңчулар менен аткылашуу бүттү. Адаватчылардын чабуулу бүгүн таң эртең жан кечти өзүн жардырган кезде жанкечти айдаган автомобиль жарылган тушта башталган. Ооганстандын ички иштер министринин орун басары Абдурахман Рахмандын билдиришинче, үч согушкер полициякананын курал-жарак сакталчу бөлмөсүн басып алып, өйдөңкү кабаттарга кетчү тепкичтерди жардырып салышкан. Бир нече саатка созулган аткылашууда полицияканага бекинип алган террорчулар жок кылынды, үч полициячы курманан болду, 18 адам жараат алды, деп билдирди Рахман.

Талибдер чабуулду алар уюштурганын СМС аркылуу кабарлашты. Өткөн аптада алты жан кечти Ооганстандын коопсуздук кызматанын башкеңсесине бир учурда кол салган.

Эл аралык бейпилдик күчтөрү - ISAFтин өкүлү генерал Гюнтер Кац бүгүн Кабылдагы пресс-конференцияда:"Биз көргөн акыркы эки чабуул Ооган өкмөтүнүн мекемелерине каршы багытталды. Эми бул дайым болуп турабы, билбейбиз. Бул куру сөз болушу мүмкүн. Бирок Ооганстандын коопсуздук күчтөрү алгалаган сайын көтөрүлүшчүлөр аларга улам көп кол сала баштаганы айкын," - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG