Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:49

Шериктештик кубогунда Кыргызстан 9-орунду алды


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар командасы Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан шериктештик кубогунда 9-орунду алды. Алар 26-январда Эстонияны утту, 24-январдагы оюнда Латвиянын командасын жеңген. Ага чейин Кыргызстандын жаштар командасы Орусия, Өзбекстан командалары менен барабар чыгып, Казакстандан гана жеңилген.

Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Касенов футболчулар өздөрүнүн тобунда жакшы ойношту деп эсептейт:

- Биздин балдар жакшы футбол талааларында машыкпай, чогуу даярданбай, кардын үстүндө ойноп жүрүп эле барышты. Орусия, Өзбекстан менен жакшы ойношту. Ал эми Казакстан менен жекеме-жеке топ тебишип жеңилип калды. Бирок ошону да көпчүлүк талаштуу тебишүү болду деп айтышты.

Шериктештер кубогу 18-январда башталган, 12 команда ат салышууда. Кыргызстандын командасы өткөн жылы да 9-орунду алган. Шериктештик кубогунун биринчилиги үчүн бүгүн Орусия менен Украинанын командалары беттешет. (AKu)

XS
SM
MD
LG