Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Ош: Отунбаеванын корунун атын пайдаланган уюм пайда болду


Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонддон “Азаттыкка” кабарлашты. Ага ылайык, “Закят” деген уюм атайын буклеттерди чыгарып, мурунку президент Отунбаеванын фондунун атын жамынып, элден мыйзамсыз акча чогулта баштаган. Буга байланыштуу чара көрүү өтүнүчү менен тартип коргоо органдарына кат жолдонду.

Аталган фонд негизинен маданий, билим берүү, аялдарды жана жаштарды колдоо, баарлашуу аянттарын түзүү демилгелерин ишке ашырып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG